Москванын Хованский мүрзөсүндө 14-майда болгон массалык мушташтан улам 3 адам каза тапты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, ага 300дөн ашуун адам катышкан. "Орто Азиядан келген мигранттар менен чеченстандык мигранттардын ортосундагы акча маселеси массалык мушташка себеп болгон. Анда ок атуучу курал колдонулган. Окуядан улам 3 адам каза таап, 29 адам жаракат алган. Учурда укук коргоо түзүмдөрү тергөө иштерин жүргүзүүдө. Жалпысынан 150гө жакын адам кармалды. Алардын көбү Тажикстандан, Өзбекстандан, Чеченстандан жана Орто Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген мигранттар. Алардан 40ка жакын адам депортацияланышы мүмкүн. Орусиялык депутаттар Орто Азия мамлекеттеринин жарандарына визалык режимди киргизүүнү сунушташууда", - деп жазышат басылмалар.