Жалал-Абадда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйүнөн экстремисттик багытка жумшалат делген бир топ далил буюмдар алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 14-майда Жалал-Абад шаарынын аймагында каттоодо турган “Хизбут-Тахрир”
диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү жашаган 5 үйдө таң аткан убакта тинтүү жүргүзүлдү. "Тинтүү учурунда аталган уюмга тиешелүү делген 5 даана китеп, 1 даана баракча, 19 даана DVD-диск, 2 даана флешка, 1 даана мр3 аппараты, 1 даана видеокассета, 9 даана дептер, 2 даана ноутбук, 36 даана 16 калибрдеги ок атуучу куралдын ок-дарысы, 1 даана газ-травматикалык тапанчасы далил буюм катары алынды. Алынган буюмдарга соттук теологиялык жана баллистикалык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.