Жалал-Абадда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 1 электр мамысы жараксыз абалга келип, 32 баш койду сел агызып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 15-май күнү саат 12:00 чамасында Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылындагы Бабаш-Ата тоосунда жааган катуу жаандын кесепетинен 170 метрге жакын ички чарбалык жол бузулуп, 3 кожолуктун короолоруна сел суулары кирген. 1 ички чарбалык көпүрө кооптуу абалга, 1 электр мамысы жараксыз абалга келген. Ошондой эле Токтогул районунун Өзгөрүш айыл аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 15-майда түнкү саат 2:00 чамасында Тактык жайлоосунда сел жүрүп, 32 баш койду агызып кетти.
Жарандык коргоо комиссиясы сел болгон жерге барып тактоо иштерин жүргүзүүдө. Айыл аймактагы ветеринардык кызматкерлер тарабынан өлгөн койлор коопсуз жерге көмүлгөн.