Нарын дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы кызды издөө иштери жүрүүдө

Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Оорук-Там айылындагы Нарын дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы Айсулуу Ниязбекованы издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 14-майда саат 17:00 чамасында жергиликтүү тургундар Нарын дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы кызды таап берүүсүн суранып аталган министрликтин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине кайрылышкан. Тиешелүү кызматкерлер тарабынан издөө иштери башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып жатканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kanykey125
2016-05-16 13:07:44
ИИ байкушум ай ..журогум титиреп кетти.табылып калсын Кудайым буюруп
+1
880909
2016-05-16 13:57:35
ал айылдын аты оорук там
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан