Бишкектин Асанбай кичи районундагы батирлердин биринен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 15-майда саат 15:10 чамасында куткаруучулар аталган кичи райондогу 3-үйдүн 20-батиринин эшигин ачып киришип, Алексей Тараканов аттуу адамдын жансыз денесин табышкан. Ошондой эле батирден Любовь Тараканова аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аял эс-учун жоготкон абалда табылган. Бул факт боюнча тиешелүү кызматтар тергөө иштерин жүргүзүшүүдө.