"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын кварталдарынын жана кичи райондорунун ички жолдорунда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрүндө асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө:
1) Исанов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
2) Жантөшев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
3) Тыныстанов көчөсүнүн Жантөшев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Бул көчө бөлүктөрүндө жол кыймылын 25-майга чейин ачуу пландалууда. Аталган оңдоо иштери транспорттук көйгөйлөрдү чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө жана ага шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн.
Айта кетсек, 2016-жылы шаардын кварталдарынын жана кичи райондорунун 44 ички жолу оңдолмокчу.