SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аял кишинин чылым чеккени жинимди кашайтат" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жакын туугандарымдын арасынан бир аял киши чылым чегерин бала кезимде байкап калгам. Ошондон бери ал адамды тууган катары толук кандуу сыйлай албайм. Ал адам менен учурашкым да келбейт, себеби ага жакын барып, бетинен өөп учурашып же сүйлөшөйүн десең, чылымдын жыты мени кадимкидей артка түртөт".
"Аял киши чылым чегүү менен өзүнө эле эмес, болочоктогу балдарына да зыян алып келет".
"Бир күнү ашканада идиш жууп жатсам, күйөөм келип чылым чегип отуруп калды. Артынан кайнежем да келип чылым чеге баштады эле, оозум ачылып эле калыптыр".
"Аял кишилердин гана эмес, эркектердин да тамеки тартканы жакпайт. Зыян экенин билип туруп колдонуп жатасыңар".
"Эркек адам тээ согуш жылдарынан бери эле чылым чегип келген. Боло берет эркектерге".
"Мен 25 жаштан айымдар чексе түз эле көз караштамын. Туура, организмге зыян. Ар бир тамекиде ден соолукка зыян экени жазылып турат, демек, алар бул нерсеге кайыл".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.