"Киргшёлкто мыкаачылык менен 3 аялды өлтүргөн" деп шектелген эки өспүрүм балдар колониясына 2 айга камакка алынды

"Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен 3 аялды өлтүргөн" деп шектелип кармалгандардын экөөсү жашы жете элек өспүрүмдөр болгондуктан, алар балдар колониясына 2 айга камакка алынышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, эки өспүрүм Вознесеновка айыл аймагындагы балдар колониясына, ал эми калган 4 адам СИЗОго 2 айга камакка алынды. Кармалгандардын баары "адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыпталып жатат.

Эскерте кетсек, аталган кылмышка шектүү адамдар 12-майда кармалып, алардын баары жергиликтүү тургундар экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан