Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген 8 адам кармалып, аларга айып пул салынды

Чүй облусунда чек ара режимин бузган 8 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 15-майда кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз түрдө чек арадан өтүү аракетин жасаган 8 адам кармалган. Алардын экөө чет элдик жарандар экени белгилүү болду: бири Кытай Эл Республикасынын, экинчиси Орусиянын жараны. Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, кармалгандарга айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан