Араван районунда катуу жааган жамгырдан улам чарба короолорун ылай суу каптады

Араван районунда катуу жааган жамгырдан улам чарба короолорун ылай суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"16-май күнү түнкү саат 02:51 чамасында Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл аймагындагы Сүрп айылында катуу жааган жаандын кесепетинен адырлардан сел жүргөн. Ылай суулар ички чарбалык каналдан ашып, 3-4 турак жайдын короолоруна кирип, бакча өсүмдүктөрүн басып калган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иликтөө иштерин жүргүзүү аракеттери башталды", - дейт басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jake91
2016-05-16 23:52:55
Жердештер Кудай озу сактасын кырсыктардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан