Чүй облусунда унаанын ичинен баңгизаттын чоң партиясы табылды

Чүй облусунда унаанын ичинен баңгизаттын чоң партиясы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-майда саат 16:00 чамасында "Дордой" районунун аймагында токтотулган Хонда Инспайр үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Айдоочусу борбор калаанын 40 жаштагы И.К. аттуу тургуну экени аныкталып, унаада Тажикстандын 32 жаштагы жараны жана Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну болгон. Унаанын ичинен 6 килограмм 175 грамм баңгизат табылган. Аталган факт боюнча “баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан