Бишкекте дары-дармек ичип өз өмүрүн кыюуга аракет жасоо боюнча эки факт катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ саат 22:30 чамасында аталган кызматтын нөөмөт бөлүмүнө "дарыга ууланып калды" деген маалымат түшкөн. Кызматкерлер айтылган Фурманов көчөсүндөгү дарекке барып, 32 жаштагы аял өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылып 20 даана дары-дармек ичип алганын аныкташкан.
Ушул сыяктуу факт Шабдан баатыр көчөсүндө да катталган. Анда 27 жаштагы келин күйөөсү менен урушуп кеткенден улам өзүн өзү өлтүрүү үчүн көп дары-дармек ичип алган.
Жабырлануучуларга тиешелүү жардам көрсөтүлгөн соң ооруканага жеткирилишкен.