Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Жалал-Абад облусунда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Жалал-Абад облусунун аймагында кызмат өтөө учурунда каза тапкан 15 кызматкер бүгүн эскерилди. Алардын жакындарына моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Каза тапкан айрым кызматкерлердин ысымдары мектептерге, класстык бөлмөлөргө, көчөлөргө ыйгарылган. Ошондой эле кызмат өтөп жатып курман болгон кызматкерлердин элесине арналып спорттук мелдештер өткөрүлдү. Максатыбыз - өспүрүмдөрдү мекенчилдикке тарбиялоо, атуулдук милдеттерди аткарууга үндөө", - дейт басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан