Жалал-Абаддагы үйлөрдүн биринен 3 килограммдан ашуун героин табылды

Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринен 3 килограммдан ашуун героин табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абаддын Достук кичи районунда жашаган 32 жаштагы Ж.Б. аттуу тургундун үйүн тинтүүгө алган маалда атайын жасалган жашыруун жерден 3 килограмм 862 грамм героин табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү адамдарды кармоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан