15-майдан 16-майга караган түнү Стамбул шаарында болгон жардыруудан 4 адам жабыр тартты. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда чет элдик басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жардыруу аталган шаардын Малтеп аймагында унаа эстакадасынын астында болгон. Жабырлануучулар унаалардын тетиктери тийгендиктен ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Жардыруу болгон аймакты полиция кызматкерлери курчоого алышып, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул терактты уюштуруу боюнча бир да уюм жоопкерчиликти өз моюнуна ала элек.
Эскерте кетсек, Түркиянын Диярбакыр шаарында 10-майда да жардыруу болуп, анын кесепетинен 45 адам жаракат алып, 3 адам каза тапкан.