Бангладеште чагылган 64 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, чагылгандын соккусуна кабылгандардын көпчүлүгү күрүч талаасында иштеп жаткан дыйкандар болгон. Каза болгондордун арасында Бангладештин борбор шаары Даккада футбол ойноп жаткан эки окуучу да бар. Дагы бир өспүрүм бала манго чогултуп жүргөн жеринен кырсыкка кабылган.
Чагылгандын түшүүсү 14-15-май күндөрү катталган. Адистер Бангладеште абанын ысыктыгы жана токой дарактарынын кыйылышы чагылгандын көп болушуна шарт жаратат дешүүдө.