"Медиа-портал" бөлүмү Айнура Салахидинованын "Махабат" ырына тартылган жаңы клип менен толукталды. Ырчынын башка клиптеринен өзгөчөлөнүп, бул клипке жалаң эгиз түгөйлөр тартылган. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Клиптин идеясы "Бакыт+" студиясына таандык. Алар жалаң эгиздер менен тартылган клип жок деп изденип жатышып, ушул идеяны ойлоп табышты. Клиптин жарымын кышында эле тартканбыз. Съёмка болордо бирөөсү күйөөгө чыгып кетип, чачын кыркып салыптыр. Ошого байланыштуу убакыт өтүп кетти. Айперим жана Нурперим аттуу кыздарды Таласка гастролго барганда көрүп калып сунушумду айтсам, дароо макул болушту. Эржигит жана Нуржигит аттуу тамада жигиттерди көргөндө эле жактырганбыз.
Кызыгы, съёмканын акыркы күндөрү алардын балдарын да эгиз кылып коюуну чечип, балдарды атайын Кант шаарындагы бала бакчадан тартып келдик. Башка клиптерге караганда бул клип көпкө созулду, бирок актёрлор кыйынчылык туудурган жок.
Кичинекей балдар менен кыздардын аттары: Байэл, Нурэл, Жансулуу, Таңсулуу. Клиптеги бардык каармандарга ыраазычылык билдирем".
Айнура Салахидинованын "Махабат" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.