"Евровидение-2016" Эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Жамала туулган жери, бала кези, үй-бүлөсү тууралуу украиналык "Новое время" басылмасына маек куруп берди.
"Мен кыргыз жергесинде төрөлгөм, бирок бул өлкө менин мекеним экенин эч качан сезчү эмесмин. Мен Крымда төрөлбөсөм да, Крым жан дүйнөмө жакыныраак. Крымга үй-бүлөм менен кайтып келүү оор болгон. Ал кезде крымдык татарларга Крымдан үй сатууга тыюу салынган эле. Менин энем армян улутунан болгондуктан, бул аймактан үй сатып алууга мүмкүн болгон. Ошентип, атамдын туулган жери Малореченск айылынан үй сатып алганбыз", - деп эстейт ырчы.
"Жамала музыкалык үй-бүлөдө өскөн, атасы музыкалык жамаатты жетектеген, энеси мектепте музыка боюнча сабак берчү. Анын ата-энеси бүгүнкү күндө Крымда жашашат", - деп жазат басылма.
"Крымга келүүгө мага эч ким тыюу салган жок, бирок мен ал жерде 1,5 жыл болгон эмесмин. Учурда Крымдын бийлигинде отургандар менин келишимди өз максаттары үчүн пайдаланышы мүмкүн. Балким, алар менин келишимди күтүп жатышкандыр. Атам менен энем Киевге келип мени менен жолугушуп турушат. Учурда Крымда ар бир кафеден менин ырым жаңырып турат дешет. Бул абдан жакшы колдоо!" - деди "Евровидениенин" жеңүүчүсү.