Борбор калаада адам өлтүрүүгө шектелип 3 селсаяк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-май күнү саат 16:00 чамасында Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринин жанындагы бак-дарактардын арасынан 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Териштирүү иштеринин алкагында маркум 1979-жылы туулган У.А. аттуу Нарын облусунун тургуну, туруктуу жашоочу жайы жок жаран экени аныкталган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркум менен чогуу спирттик ичимдиктерди ичип жүргөн адамдардын өздүктөрү такталган. Кылмышка шектүү катары кармалган Ч.К., С.Т. жана О.Э. маркум менен арак ичип отуруп, ортодо пикир келишпестиктен улам уруш чыгып, маркумду уруп, кийин анын шымында байланган боо менен аны муунтуп өлтүргөндөрүн билдиришкен. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.