Чет элдик басылмаларда "Евровидение-2016" Эл аралык сынагынын жыйынтыгына каршы кол топтоо башталды. Сынактын уюштуруучуларына жолдонгон кайрылууга мүмкүн болгон 35 миңден 29 миңден ашуун адам кол койгон. Армениянын Ереван шаарынын Артур Оганесян аттуу тургуну кол топтоону уюштурган. Ошондой эле мындай кол топтоону Улуу Британия, Франция, Германия, Испания, Австралия, Сербия, Швеция, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдүн жарандары да колдоп чыгышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашат.
"Калыстардын жана телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсү татаал, эмоционалдык процесс экенин түшүнөбүз. Бирок сынактын жыйынтыгына каршы кол койгондордун көптүгү бул жылы биринчи орунду алышы керек болбогон адам жеңүүчү аталганын билдирет", - деп жазат кайрылуунун автору.
Мадрид шаарынын жашоочусу да бул кайрылууга кошулуп, Испания өлкөсүн 2017-жылы боло турган "Евровидение" сынагынан баш тартууга үндөгөн. Анын айтымында, Стокгольм шаарында болгон сынактын финалы шылдыңдоо болгон жана Европанын жарымына сынактын жыйынтыгы саясий кызыкчылыктардын негизинде аныкталарын айткан.
Немис интернет колдонуучулары да четте калбай Германия өлкөсүн кийинки сынактарга катышпоого чакырышкан. Алардын билдирүүлөрүндө сынак көркөм деңгээлде эмес, болгону саясий агымды чагылдырат.
Ал эми Францияда сынактын финалын баяндап турган телеалпаруучу Мариан Жеймсти жумуштан кетирүү талабы менен кол топтоо башталган. Кайрылуунун авторунун айтымында, алып баруучу түз эфир учурунда Орусияга карата кемсинткен билдирүүлөрдү айтуу менен Франция өлкөсүнүн имиджине терс таасирин тийгизген.
Белгилей кетсек, 15-майда жыйынтыкталган "Евровидение-2016" сынагында Украинанын өкүлү, Ошто төрөлгөн Жамала жеңүүчү аталса, 2-орунду австралиялык ырчы айым Дэми Им алган.