АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп учурдагы президент Барак Обама тарабынан айтылган сынга жооп кайтарып, Обаманы "АКШ тарыхындагы эң начар өлкө башчы" деп атады. "Саясаттабы, жашоодобу, маданиятсыздык абийир болуп саналбайт. Бул Обаманын эң начар президент экенинин негизги себеби", - деди Трамп.
15-майда президент Обама Нью-Жерсидеги университеттердин биринде сөз сүйлөп, Трамп сунуштап жаткан бир катар демилгелерди сынга алган эле. Мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салуу сунушун "америкалык баалуулуктарга чыккынчылык кылуу" деп атаган.
Дональд Трамп - президенттикке ат салышып жаткан америкалык миллиардер. Ал өзүнүн эл менен жолугушууларында азыркы президентти кескин сындап келет.