Токтогул районунда унаа тетиктерин, түрдүү буюмдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү
Токтогулда уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Алар "Токтогул районунда 2 менчик соода дүкөнүндөгү, турак үйлөрдөгү буюмдарды уурдаган" деп шектелишүүдө. Ошондой эле 9 автоунаанын ар кандай тетиктерин (аккумулятор, магнитофон, дөңгөлөктөрүн, ачкыч, домкрат ж.б.) уурдашкан. Алар Токтогул шаарындагы №39-кесиптик лицейинде компьютердин мониторун да уурдап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты.
Жогорудагы 15 факт апрель, май айларында Токтогул РИИБине катталып, кылмыш иштери козголгон. Жогорудагы уурулук фактылары боюнча Токтогул РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде 14-май күнү район аймагындагы аталган кылмыштардын бети ачылып, шектүү катары 5 адамдан түзүлгөн кылмыштуу топ кармалды. Алар Токтогул шаарынын 19-22 жаштагы тургундары экендиги аныкталды. Далил буюмдар алынып, жасаган кылмыштарын толугу менен моюнуна алышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.