Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Жалал-Абад шаарында өрт кырсыгы катталды. Анда Калинин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин 40 чарчы метр жыгач шыбы, полу күйүп, 2 бөлмөнүн ичинен 5 эшик, 4 терезе, уктоочу эмерек, чаң соргуч, нан бышыргыч, 3 килем, 20 төшөк жана жаздыктар күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.