Борбор калаада күйөөсү тарабынан катуу ур-токмокко алынып, мурду сынган келин ооруканага жатуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 05:19 чамасында "Чыгыш-5 кичи районундагы үйлөрдүн биринен аялдын мурдунан жана оозунан кан кетти" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон үйгө келген "Тез жардамдын" кызматкерлери 22 жаштагы келинди күйөөсү катуу ур-токмокко алып, ал башынан жаракат алып, баш мээси чайкалып, мурду сынганын аныкташкан. Бирок жабырлануучу ооруканага баруудан баш тартып койгон.