Бүгүн, 17-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазовго карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кезектеги соттук отурум өттү. 2015-жылдын ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Данияр Нарымбаевди 3 жылга, Хажимурат Коркмазовду 1 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
Бул иште катыштыгы бар катары ысымы айтылып жаткан Жогорку Соттун төрайымынын мурунку орун басары, кийинчерээк Соттор кеңешин жетектеп жүргөн Канатбек Турганбеков жакында кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болгон. Анын арызы Жогорку Кеңештин 19-майдагы жыйынында каралмакчы. Өмүрбек Текебаев баштаган "ата мекенчилер" Нарымбаевдин камакка алынышын "атайын уюштурулган иш" катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Буга чейин "өчүп калыптыр" делинген Ак үйгө кирген-чыккандар жазылуучу видеотасманы калыбына келтиришип, тергөөдө маанилүү жагдайларга атайылап көңүл бурулган эмес деп, сотто бул жагдайларга көңүл бөлүү керектигин айтышууда. Жакында абактан чыккан Нариман Түлеев болсо "Нарымбаев акчаны колуна алып жатканда кармалбаганына сүйүнсүн" деди.
Күтүлгөндөй эле "Элдик парламент" бирикмесинин бүгүн, 17-майда "50 миң адамдын катышуусунда өтөт" деп пландалган жыйыны болгон жок. Бирикменин мүчөсү Расул Умбеталиев митинг биримдиктин лидерлери Бекболот Талгарбековдун, Төрөбай Колубаевдин жана Марат Султановдун камакка алынышына байланыштуу токтотулганын билдирди. Жыйын кезектеги сыноо болду. Реваншисттер ал сыноодон өтпөй калышты...
Бийчи Атай Өмүрзаков президент Алмазбек Атамбаевдин колдоо көрсөтүшү күтүүсүз болгонун SUPER.KG порталына билдирди. Жакында шакирттери менен Лондондо өтүүчү сынакка жөнөгөнү жаткан бийчи мамлекет башчынын колдоосу аларга стимул бергенин айтат. "Сынак алдында өлкө башчынын колдоо көрсөткөнү, көңүл бурганы биз үчүн жакшы мотивация болду. Лондон шаарында өтчү "Britain’s Got Talent" аттуу сынакка 3 айдан бери даярданып жатабыз. Буюрса, даярдыктар жакшы", - дейт Атай Өмүрзаков.
16-майда президент Алмазбек Атамбаев Атай Өмүрзаков, "Тумар КР" бий тобунун мүчөлөрү Айбек Мирбеков жана Өмүрбек уулу Баяман менен жолугушту. Жолугушууда өлкө башчысы Атай Өмүрзаковдун жана анын шакирттеринин ийгиликтери кыргыз жарандарынын арасында заманбап бийге кызыгууну жаратканын белгилеп, аталган сынакка катышканы жаткан "Тумар КР" тобуна акчалай колдоо көрсөттү.
Жакында парламентте өкмөттүн отчёту каралганда ырчылар Жийдеш Идирисова менен Кайрат Примбердиевдин эл аралык сынакта жараткан ийгиликтерин өкмөт өзүнүн отчётуна киргизип алганын депутаттар сындап чыгышкан. 2012-жылы Темир Сариев экономика жана монополияга каршы көзөмөл министри болуп турганда сынактан биринчиликти утуп, 100 миң евро алып келген Атай Өмүрзаков менен “Евразия жылдызы” сынагынан 30 миң доллар алып келген Гүлжигит Калыков кирешенин 10 пайызын салык иретинде төлөшү керек деп чыгып көпчүлүктүн кыжырдануусун жараткан.
Шоу-бизнес өкүлдөрү сынактарга аттанарда демөөрчү таппай кыйналышат. Ошондой учурда көңүл бурбай, ийгилик жаратып келишсе салык төлөтүүгө шашылган өкмөттүн аракети коомчулук тарабынан катуу сындалып келет. Ушундай сындардан соң өлкө башчысынын бийчилерге колдоо көрсөтүүсү коомдук пикирге көңүл бөлүнө баштады деген жылуу үмүттү жаратты.
Лондон шаарынын жаңы шайланган мэри Садик Хандын аялдамада автобус күтүп турган сүрөтү интернетте кызуу талкууга алынып жатат. Көпчүлүк колдонуучулар батыштагы өнүккөн өлкөлөрдө чоң кызматтагы чиновниктердин эл менен аралаш коомдук унааларда же велосипед тээп жүрүшү кадимки көрүнүш экенин сөз кылышууда. Орусиялык интернет колдонуучулар: "Лондондун жаңы мэри аялдамада автобус күтүп турат! Собянин (Москва шаарынын мэри Сергей Собянин) өтүп кеткенден кийин гана автобустарды өткөрүшөт", - деп комментарий калтырып жатышат.
Кыргыз жеринде деле Бишкектин мэринин же премьер-министрдин аялдамада автобус күтүп турушун элестетүү кыйын. Коомдук акцияларда гана бир күн велосипед тээп элге аралашканы болбосо, калган күндөрү бишкектиктер шаар башчысынын көчөдө жөө баратканын көрүшпөйт деле. Лондондогу жөнөкөйлүк маданияты азырынча Бишкекке келе элек.