Чүй облусундагы Бурана дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, турак жайларды суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн саат 10:00 чамасында Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагында катуу жааган жамгырдан улам Бурана дарыясынын суусунун көлөмү көтөрүлүп, 2 үйдүн ичине жана 4 турак жайдын айланасына суу кирген. “Учурда тиешелүү кызматкерлер тарабынан окуя болгон жерде тактоо жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.