Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 7 кий чебери аттанды

Эртең Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында бильярддын ыкчам пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу башталат. Айта кетсек, бул мелдеш бильярддын ыкчам пирамида түрү боюнча уюштурулуп жаткан II Дүйнө биринчилиги. Кубандырганы, туңгуч чемпиондук 2007-жылы Санкт-Петербургда өтүп, аны мекендешибиз Каныбек Сагынбаев жеңип алган. Ошондой эле бул ирет биринчи жолу ага кыз-келиндердин катышуусу күтүлүүдө. Ушул тапта КМШ өлкөлөрүнөн эркектер арасында 80ден ашуун жана кыз-келиндер арасында 20дан ашуун бильярдчы катышуу тилегин билдирди. Мелдештин байге фонду 2 миллион 100 миң рублду түзгөнү да маалым болду. Машыктыруучу Константин Коробов кабарлагандай, кыргыздын намысын аталган биринчиликте төмөнкү кий чеберлери талашышат: Каныбек Сагынбаев, Камолиддин Есиддинов, Антон Нетесов, Зайлан Адамов, Азиз Мадаминов, Качкынбай Нурумбетов жана Улукман Карагулов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ulake
2012-11-13 14:01:50
Жеништерди кутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан