“Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамга таандык паспорт менен өтүүгө аракеттенген Малайзиянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-май күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинен Малайзиянын жараны башка адамга таандык паспорт менен өтүүгө аракеттенген. Тиешелүү документтер толтурулуп, чет элдик жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.