Украинанын президенти ырчы Жамалага "Эл артисти" наамын берди

Украинанын президенти Пётр Порошенко ырчы Жамалага "Евровидение" сынагындагы жеңишинен кийин "Эл артисти" наамын ыйгарды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Святослав Цеголко Twitter баракчасында билдиргенин украиналык басылмалар жазып чыгышты.

Ошондой эле Украинанын президенти өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Жамалага "ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси" деген ардактуу наам берүү сунушу менен аталган уюмга кайрылууну тапшырды. Өлкө башчы Жамаланын жеңишинин украин эли жана крымдык татарлар үчүн мааниси зор экенин белгиледи. Пётр Порошенконун айтымында, "Евровидениедеги" жеңиш Крымды Украинага кайтарууга өбөлгө болуп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sher.ella
2016-05-17 17:03:54
Кыргызстандыкмын Кыргызстан менен сыймыктанам десен Атамбаев деле акчалай жардам бермек уже Кыргызстан жонундо суйлобойле кой Кереги жоксун уже
-6
vivaldi
2016-05-17 17:25:59
Жамала Кыргызстанда төрөлгөнү менен КЫргызстандык эмес да. Албетте Кыргызстан анын мекени эмес. Туура айтат. Мунун эмнесине теригет адамдар билбейм. Мен Жамаланы мурунтан бери сүйүп угуп келем. Жамала дүйнөлүк деңгээлдеги ырчы. 5 октавалык диапазону бар. Дүйнөдө мындай ырчылар өтө аз.
-10
daiyrbek01
2016-05-17 17:32:40
саясатта р чын эле кучтуу ырчы болсо анда мурун эле эл артистин бермек
+6
fanatka19
2016-05-17 20:00:17
Башка өлкө баалагандан кийин,өз эли баалап баштаган го.
0
Tattybubu93
2016-05-17 23:42:44
fanatka19, Мыкты ырчы болсо, мурун эле бербей эмне кылып журушуптур?
0
Stervashka
2016-05-17 20:02:50
Эркектей эле кыз го , жагымы жок мынча.
+1
Mercedes202
2016-05-18 08:07:46
Чынын айтсам мага жакпады, же мен музыканы тушунбойм го октава соктава дегенди Мага Лазерев эле жакты да. Украина евроведения откозо алабы эми кеп ошондо
+1
zhykyo
2016-05-18 10:34:17
Барган жеринен бак ачсын деп койчу эле бизде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан