КИНОЗАЛ: "Достор" тасмасына тартылгандан кийин сунуштар түшүп, көп тасмага тартылууга жетиштим" дейт Айпери Кубик кызы

"Кинозал" бөлүмүндөгү лирикалык драма жанрындагы тасма - "Достор". Тасма 2008-жылы тартылган, режиссёрлору - Назым Мендебаиров, Рысбек Жабиров. Анда Айпери Кубик кызы, Султан Садыралиев, Урмат Усенов, Самарбек Арзыматов, Акбар Сүйүнбаев, Аида Кулуева сыяктуу талант ээлери роль жаратышкан.
Тасмадагы образы тууралуу Айпери Кубик кызы буларга токтолду:
"Достор" тасмасына 17 жашымда тартылгам. Бул менин дебюттук ролум. Кичинекей кезимден артист болууга кызыгып, мектепте түрдүү спектаклдерге катышып жүрчүмүн. Андыктан камеранын, көп элдин алдында бир аз сүрдөгөнүм болбосо, тасмага алгачкы ирет тартылып жатканыма карабай образга кирүү кыйын болгон эмес. Тасмага тартылууда кебетем кандай болуп калат, сулуу көрүнбөй калсамчы деп ойлобойм деле. Болгону мага берилген образды жеткире аткарып, мыкты, жеткиликтүү ойноону максат кылам.
"Достор" тасмасына тартылгандан кийин башка тасмаларга тартылууга көп сунуш түштү. Бир нече тасмага тартылууга жетиштим. Акыркы кезде ырчылардын көпчүлүгү киного тартылып баштагандыктан, режиссёрлор ырчы эмес, актёр-актрисаларды чакырышууда. "Сенин аткаруу чеберчилигиӊ жакшы, каармандын ички эмоциясын жакшы бере аласыӊ. Бирок ырчы болгонуӊдан тасмага чакыра албайбыз" дегендерди угуп калам. Андыктан алдыда актрисалыкка окуп, диплом алуу тилегим бар".

Тасмада кичинесинен интернатта чогуу өскөн жакын достор, алардын достугу, сүйүү маселеси, сүйүшкөндөрдүн ортосуна тоскоол болгон материалдык, социалдык абал, ата-эненин каршылыгы сүрөттөлөт.

"Достор" тасмасын бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
akaichik
2016-05-17 18:15:17
Соонун кино...
+1
ilgis1991
2016-05-17 19:15:52
Супер!!!
0
zamir-bek
2016-05-18 19:33:31
Достор киносуна тартылганга чейин эле "сексуальная" болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан