Борбор калаада каракчылыкка шектелген 3 жаран кармалды

Борбор калаада каракчылыкка шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү саат 04:00 чамасында 20-25 жаштар чамасындагы бет капчан 3 жаран Лермонтов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатындагы батирге кирип, 22 жаштагы кызды скотч менен байлап, коркутуу жолу менен алтын чынжырын жана уюлдук телефонун алып кеткен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 1997-жылы туулган К.О., 1998-жылы туулган И.Н. жана 1996-жылы туулган Е.С. аттуу Ысык-Ата районунун тургундары кармалышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
isnur93
2016-05-17 22:38:35
Жаш эле балдар экен алты саны аман,ак эмгек менен нан таап жегени ал кучу жеткен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан