Казакстанда унаасын башкара албай калып эки адамдын өлүмүнө себепкер болгон кыргыз жараны 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалым болгондой, эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча ишти Чингирлауск райондук соту карап чыгып, рулду башкарган кыргыз жараны күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Аталган жол кырсыгында унаанын ичиндеги аял жана анын баласы алган жаракаттарынан улам каза болгон.