Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип курулуш ишканасынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 55 жаштагы Б.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал курулуш ишканасынын жетекчиси, Халдалов аттуу жаран "үй салып берем" деген шылтоо менен ишенимине кирип 10 161 доллар акчасын алып, убадасын аткарбай койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 50 жаштагы Х.Р. аттуу жаран кармалган. Учурда ал камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.