Түркияда футбол фанаттары утулуп калган команданын футбол аянтын өрттөп салышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Эскишехир шаарында жергиликтүү футболдук команда менен Стамбул шаарынын командасы оюн көрсөтүшкөн. Оюндун жыйынтыгында Эскишехир шаарынын курама командасы утулуп калып, фанаттары оюн болгон футболдук аянтты өрттөп салышкан. "Бейбаштыкка шектелген фанаттар полиция кызматкерлерине да баш ийбей, бир нече жаран жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.