Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда катталган жол кырсыгында айдоочу жана жүргүнчүсү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Кубакы ашуусунда Бишкек-Торугарт жолунун 164-чакырымында орун алган. Анда КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай оодарылып кеткен. Натыйжада 1985-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Максат А. аттуу тургуну каза болгон, ал эми каза болгон жүргүнчүнүн аты-жөнү такталууда. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар каза болгон жарандардын денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.