Нарын дарыясына агып кеткен 2 жаштагы кызды издөө иштери натыйжа бере элек

Нарын дарыясына агып кеткен 2 жаштагы кызды издөө иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-май күнү Нарын районуна караштуу Оорук-Там айылынан 2 жаштагы Айсулуу Ниязбекова аттуу кыз Нарын дарыясына агып кеткен. Эки күн бою жүргүзүлгөн издөө иштери эч кандай натыйжа берген жок. "Кечээ 17-майда кеч болуп кеткендигине байланыштуу кызды издөө иштери убактылуу токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан