Нарын облусунда катталган катуу шамалдан улам келтирилген зыяндын чыгымдары эсептелинүүдө

Нарын облусунда катталган катуу шамалдан улам келтирилген зыяндын чыгымдары эсептелинүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-май күнү саат 15:40 чамасында Нарын шаарында, Нарын жана Ат-Башы райондорунда катуу шамал катталган. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 18 метрге чейин, Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталган. Натыйжада турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары зыянга учураган. КРнын Өзгөчө кардаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу түзүлүп, окуя болгон жерге барып тактоо иштерин жүргүзгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, Нарын шаары боюнча жалпысынан 145 шифер, Нарын районунда 34 шифер жараксыз абалга келген. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан Нарын шаарында жана Нарын районунун аймагында болгон шамалдын ылдамдыгы өзгөчө кырдаалдардын критерийлерине кирбегендиктен, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Ат-Башы району боюнча жалпысынан 1083 шифер, 2008 метр ичке тактай, 214 метр чатырдын устуну, 87 метр устун жараксыз абалга келген. Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды толук эсептегенден кийин кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан