Ош облусуна караштуу Алай районунун Корул айыл аймагында сел коркунучу жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"2016-жылдын 18-майында түнкү саат 02:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Натыйжада Тогуз-Булак айылындагы Сай тилкесинде сел ички чарбалык көпүрөнү бузуп кеткен. Мындан сырткары Кең-Жылга айылындагы Өрөөн-Жылга тилкесинде көпүрөнүн тирөөчтөрүн алып кетүү коркунучу жаралган. Азыркы учурда айылдан чыккан ыктыярдуу куткаруучулар тобу көпүрөнү коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.