Бишкекте "Элдик парламент" кыймылынын өкүлдөрү кечээ, башка күнгө жылып кеткен митингде анын катышуучуларына акча таратышканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-майда аталган кыймылдын өкүлдөрү “Жеңиш” аянтында митинг уюштурууга аракет кылышкан. Кийин ал башка күнгө жылдырылгандыгы айтылган. Иликтөө иштеринин алкагында аталган митингге Чүй облусунун тургундарын жана борбордогу Эмгек биржасына жумуш издеп барган жарандарды алып келгендери аныкталган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.