Токмок шаарында каракчылык фактысына шектелип жергиликтүү 2 тургун кармалды

Токмок шаарында каракчылык фактысына шектелип жергиликтүү 2 тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 15-май күнү саат 04:00 чамасында Токмок шаарындагы базардын жанынан белгисиз 2 жаран 21 жаштагы Д.А. аттуу инисин ур-токмокко алып, жанындагы 150 сом акчасын алып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы К.Т. жана 22 жаштагы Б.Н. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан