Индиянын түштүк аймагында күндүн ысыгынан улам 500дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Индиянын түштүк аймагындагы Телангана, Андхра-Прадеш штаттарында аптаптуу ысык аба ырайынан соңку эки жуманын аралыгында 500дөн ашуун адам каза тапты. Мындан сырткары өлкөдө кургакчылык өкүм сүрүп, ичүүчү суунун жетишсиздигинен 330 миллиондон ашуун калкты камтыган 256 райондун эли кыйынчылык көрүүдө.
"Көп зыян тарткан штаттардын бири Одишье штаты. Аталган аймакта абанын температурасы +48°С болуп, бул көрсөткүч бир нече күн бою төмөндөгөн эмес. Мындай аптаптан 198 адам, коңшу Телангана штатында 260, Андхра-Прадеште 70тен ашуун адам каза болду. Жакынкы убакыт аралыгында абанын температурасынын төмөндөшү байкалбайт", - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 2015-жылы Индияда ысык аба ырайынан улам каза тапкандардын саны 2 миң кишиге жеткен.