Токтогул районунда 8-класстын окуучусу дааратканага кирип асынып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-майда Токтогул шаарындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда 15 жаштагы мектеп окуучусу үйүнүн дааратканасына барып асынып алган. Учурда өспүрүм бала эмне себептен улам өз өмүрүнө кол салганы аныкталууда.