Борбор калаада дайынсыз жоголуп кеткен 21 жаштагы Аида Айдарова Орусиядан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына кыздын апасы Анарбү Карабекова билдирди.
Маалыматка ылайык, 5 май күнү саат 08:45 чамасында үйүнөн чыгып, жумушуна кеткен кыз 5 күн бою дайынсыз болгон. Кыздын туугандары анын жоголуп кеткендиги тууралуу милицияга арыз жазып жана SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылган.
"Сиздердин порталга чыккандан кийин эле биздин номурга кызымды көргөндөрдөн билдирүүлөр келди. Алар Аиданы Бишкек-Красноярск каттамы менен кеткен автобустан көргөндүгүн айтышты. Кийин териштирип отуруп, ал жакка ким менен кеткенин аныктадык. Кечинде аны менен чогуу кеткен келиндин номурун таап чалсак, телефонду анын күйөөсү алды. Биз ага баарын түшүндүрүп, кызым менен сүйлөштүрүүнү өтүндүк. Ага кызыбыз уруксатсыз, айтпай кетип калгандыгын да билдирдик. Ал аялы Красноярск шаарына келери менен байланыша тургандыгын айтты. Эртеси кызым байланышка чыгып, экөөбүз сүйлөшүп, ал мага жардам берүү максатында Красноярск шаарына иштеп келүү үчүн курбусу экөө кетип калганын билдирди. Учурда кызым Москвада иштеп жатат, санаам тынчысын деп аны агасынын жанына жибердик", - дейт А.Карабекова.
Эске салсак, 10-май күнү дайынсыз жоголуп кеткен А.Айдарованын туугандары анын телефону 5-май күнү саат 14:00гө жакын өчкөн бойдон күйбөй, анын кайсы жакта экени белгисиз болуп жаткандыгын билдиришкен.