"Асман алдында" тасмасы Канн шаарында киномаркетте көрсөтүлөт

11-майдан 21-майга чейинки аралыкта Франциянын Канн шаарында фильмдердин Канн маркети өтүп жатат. Анда кыргыз кинорежиссёру Дальмира Тилепбергендин "Асман алдында" тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу аталган тасманын кинорежиссёру кабарлады.

Канн шаарында өтүүчү тасма маркети киночуларды колдоо иретинде 1959-жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чара режиссёрлордун, актёрлордун жана продюсерлердин ишмердүүлүк масштабын кеңейтип, жаңы таанышууларга, өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Сүйүү, ишеним, жоготуу сезимдери тууралуу бул тасма бир жылда тартылган. Башкы ролдорго Анвар Осмоналиев, Жамал Сейдакматова, Нуржигит Канаев, Таалайкан Абазова, Асан Аманов жана Мунара Дооронбекова тартылган.

Тасма буга чейин Канада, Орусия, Казакстан, Бангладеш, Колумбия жана Индияда өткөн ар кандай фестивалдарга катышкан. "Асман алдында" тасмасы февралдын башында Индиянын Бангалор шаарында өткөн эл аралык кинофестивалга катышып, Азия тасмаларынын сынагында мыкты аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sadyrov_n93
2016-05-18 21:30:40
Азаматсыз,акыркы учурда кино индустрияда жылыштар абдан жакшы болуп жатат.
0
maks83
2016-05-18 21:31:48
Канн шаарында эмес Кант шаарында
-3
tyka
2016-05-18 22:42:37
Азамат!!! Оператор коюучу да мыкты тарткан. Ким болду экен?
0
talant87
2016-05-18 23:13:57
maks83 канн франция деп турат нарын кант эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан