SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "2017-жылы Чубак ажы президент болобу?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Талапкерлигин койсо колдомокмун".
"Чубак ажы келсе, анда эле кээ бир эркектерибизге Кудай берип, төрттөн аял алабыз деп чыгышат да".
"Диний көз караштагы жаран өлкө башчылык орунга татыктуу эмес".
"Чубак ажы талапкерлигин койбосо керек. Муфтий болуп турганда көрдү, эми кайра барбаса керек".
"Ал лидер боло албайт. Болгонго аракет кылса колдомокмун, бирок ал мындай ыплас ишке жакын жолобосо керек".
"Жалгыз дарак токой болбойт" дегендей да. Миң жакшы адам болгону менен, айланасындагылар "көө" шыбап артка тартып коюп жатышпайбы".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.