Орусиялык белгилүү актёр Марат Башаров спектаклде роль ойноо үчүн Бишкек шаарына келди

Бүгүн, 18-майда орусиялык белгилүү актёр Марат Башаров Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү. Анда актёр Бишкек аны өзгөчө абасы менен тосуп алганын айтты. "Сиздер менен көрүшүп жатканыма, түбүбүз бир мусулман эл экенибизге кубанычтамын. Бүгүн таңга маал Бишкекке учуп келдим. Москванын абасын билесиздер да, ал эми Бишкектин абасы өзгөчө таза экен. Тамактары даамдуу, кыргыз эли боорукер, меймандос калк экен", - деп билдирди.

Кыргыз эли менен татар эли тууралуу актёр: "Биз боордош, бир тууган эл экенибизге дайыма кубанычтамын", - деди.

Марат Башаровдун маалымат жыйынында чакырылган коноктордун арасында орусиялык диний ишмер, Москва мемориалдык мечитинин имамы, ислам дин аалымы жана ислам темалары боюнча бир нече китептин автору Шамиль Аляутдинов да болду.

Актёр 18-майда Эл аралык музейлер күнүнө карата коюлуп жаткан "Разговор с душой" спектаклинде башкы каармандын ролун ойнойт.

Белгилүү актёр Марат Башаров чыгармачылыгы тууралуу айтып берди - 1
Белгилүү актёр Марат Башаров чыгармачылыгы тууралуу айтып берди - 2
Орусиялык актёр Марат Башаров кыргыз сахнасында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nazi11
2016-05-18 18:21:24
Жакшы.
0
DNurgiza
2016-05-18 19:52:38
мага жакпайт.......девушкасын сабап койгондон бери...
-1
stimyl.kg
2016-05-18 20:16:27
Жакшы актёр ...
+2
Nariste...12
2016-05-18 23:08:49
Менин суйуктуу актерум.
0
Melika
2016-05-18 23:21:08
Ворошиловский стрелок деген кинодо кызды зордогону учун жаман корчумун девушкасын сабагандан бери андан бетер
-1
MIRAN
2016-05-19 00:28:06
Jagat
0
Ashurjan
2016-05-19 02:18:28
Аялына кол которгондон бери жакпайт,негизи аял адамга кол которгон жигиттер козумо ялдардын койногуну кийип алгандай еле корунот......
0
BekAmir
2016-05-19 05:09:16
Молодец
0
Biinura
2016-05-19 09:13:48
Мыкты актер.
0
MuslimNur95
2016-05-19 09:15:27
Шамиль аляутдин да келгенби
+2
Bountessa
2016-05-19 14:33:40
Бул спектакль Казакстанда тыюу салынган. Алматы Астанада болмок экен,пропаганда религии деп уруксат беришпептир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан