КҮНСЕРЕП: Кыргыз паспорттору дүңүнөн сатыла баштады

Бүгүн, 18-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Түркиянын ири шаары Стамбулда Кытайдын 98 жараны Кыргыз Республикасынын жасалма паспорттору менен кармалды. Түркиялык басылмаларга таянсак, алар Сауд Арабиясына учуп кетмекчи болушуп, полиция учакка жеткизбей аэропортто кармаган. Уйгур улутунун өкүлдөрү болгон бул адамдар Үрүмчү шаарынан учуп келип, Түштүк Кипрге алган билеттерин көрсөтүү менен көзөмөл-өткөрүү бекетинен транзиттик залга өтүшкөн. Транзиттик залда бул топко 4 адам кыргыз өлкөсүнүн паспортун тараткан. Ар бири паспорт үчүн 2,5 миң евро төлөгөнү айтылат маалыматта. Кыргыз паспорту кантип жасалып, ким тарабынан берилгенин териштирүү башталды.

Түркиядан Кытайдын жарандарынын жасалма кыргыз паспорту менен кармалышы бүгүн Жогорку Кеңеште да сөз болду. Депутаттар “паспорттордун соодаланышы” улуттук коопсуздукка коркунуч жаратарын айтышып, парламенттин бүгүнкү жыйынына Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди чакырышкан. Сарпашев жыйынга келген жок.

Бишкекте 2015-жылы жарандарга документ берүү боюнча Калкты тейлөө борбору ачылып, ал жерден кайрылган адамга 2 сааттын ичинде паспорт даярдап берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бирдиктүү терезе системинде иштеген борбор жарандарга ID-карта же жалпы жарандык паспорт алуу же алмаштыруу үчүн керектүү документтерди алууга да мүмкүнчүлүк берет. Бул документ алуудагы ашыкча бюрократияны жоюу максатында иштелип чыккан демилге эле. Кыргыз өлкөсүндө паспорт берүү тармагынын коррупциялашып кеткени буга чейин дагы чуулгандуу окуялар менен далилденип келет. Издөөгө жарыяланган чет жердик жарандардын Кыргыз Республикасынын паспортун пайдаланып жүргөнүнө байланыштуу мисалдар да арбын. 2013-жылы казакстандык олигарх, экс-чиновник, эл аралык издөөдө жүргөн Мухтар Аблязовго Кыргыз Республикасынын эки паспорту берилгени белгилүү болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын териштирүүсүндө Аблязовго эки жарандын наамындагы паспортторду Аламүдүн райондук паспорт столунун башкы адиси Нуржамал Үсөнова бергени, анын жанынан жасалма мөөр табылганы белгилүү болгон. Аталган айым жасалма паспорт берүү боюнча 9 буюртма алганы аныкталган.

Орусиядагы "кара тизме" түйшүгүнөн улам паспортун алмаштырган мекендештерибиз да арбын. Мисалы, 2014-жылы эле мамлекетибиздин 42 миң жараны аты-жөнүн же туулган датасын өзгөрткөн. ИИМ жаңы паспорт берүүдө 227 жарандын пин-коду жана аты-жөнү мыйзамсыз алмашканын жарыялаган. Мындай мыйзамсыз аракеттерди тыюу азырынча кыйын иш, анткени Кыргыз Республикасы “кара тизмеге” илинген жарандарын өз мекенинде кармап туруу үчүн иш орундарын сунуштай албайт. Андыктан жарандар “кара тизмеге” илинген аты-жөнүн өзгөртүү аракетин токтотушпайт. Мындай кызмат көрсөтүүгө суроо-талап жогору, демек, пара алуу-берүүгө дагы...

Ош шаарынын башчылыгына эки талапкер: Айтамамат Кадырбаев менен Алишер Мойдунов ат салышары белгилүү болду. Ош шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк шаар башчылыгына азыркы мэр Кадырбаевди көрсөтсө, оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Мойдуновду сунуштады. Шаар башчысын шайлоо 25-майда өтөт.

Ош шаарынын башчысын шайлоо боюнча 2014-жылы январда өткөн шайлоодо КСДП менен “Улуттар биримдиги” партияларынын тиреши көпчүлүктүн эсинде. Шаардын борбордук аянтында Мелис Мырзакматовдун 5 миңдей тарапкерлеринин кыйкырык-сүрөөнү менен коштолгон шайлоодо КСДПнын талапкери Айтмамат Кадырбаев 25, Мелис Мырзакматов 19 добуш алган. Ошентип, 21 мандаты бар “Улуттар биримдиги” 11 мандаттуу КСДПга утулуп калган.

Алишер Мойдунов буга чейин эл аралык уюмдарда иштеп келген. Азыркы мэр Кадырбаевге келсек, бул адамдын активинде жакындарына байланыштуу чуулгандуу окуялар бар. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын башында шаар башчысынын бир тууган эжеси Заркөкүл Кадырбаева жол-кайгуул кызматкерлери менен урушуп, “каалаганыңарды кылып алгыла” деп кетип калган окуянын видеосу интернетке жайылган. Бул окуя катуу сындалып баштаганда гана аталган жаран айып пул төлөөгө аргасыз болгон.

Жакында Ош шаарындагы “Байчечекей” бала бакчасында балдарга курттаган тамак берилгени коомчулукка жарыяланган. “Аталган балдар бакчасынын жетекчиси Орозгүл Бектанованы иштен алууга классташы, учурдагы мэр Кадырбаев тоскоолдук жаратып жатат” деген маалыматтар ЖМКларда жарыяланып, азырынча шаар башчысынан жооп боло элек.

Ошентип, бул жолу Ош шаарынын башчылык кызматына КСДП менен “Өнүгүү-Прогресстин” талапкерлери ат салышууда. КСДПнын куржунунда 16 мандат, “Өнүгүүдө” 4 гана мандат бар. Алишер Мойдунов көпчүлүккө анча таанымал эмес талапкер. Өмүр баянынан акыркы 5 жылда эл аралык уюмдарда иштегенин көрүүгө болот. Демек, Кадырбаевде жылуу ордун сактап калуу “шансы” жогору.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдыруу демилгесин колдогон жок. Демилгечилер акыркы жарым жылда экономика кескин начарлап, баалар кымбаттаганын айтышып, автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамынын күчүнө кириши жарандарга, өзгөчө жакыр үй-бүлөлөргө оор тиерин белгилешти. Бул аргументтер депутаттарды ынандыра албады. Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам Жогорку Кеңештин V чакырылышында кабыл алынып, президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 30-июлунда кол койгон. Мыйзам 2016-жылдын февралында күчүнө кирген. Унаасын камсыздандырбагандарга 2018-жылдан тартып административдик чара колдонула баштайт. Айдоочулар ага чейин унааларын камсыздандырышы керек. Статистикалык маалыматтарга таянсак, учурда кыргыз жеринде 1 миллион 1 жүз миң автоунаа бар. Өлкөдө автоунааларды камсыздандыруу ишин жеке компаниялар жүргүзөт.

Өкмөткө караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосуновдун айтымында, Камсыздандыруучу компаниялардын коомдук бирикмесине караштуу кепилдик төлөмдөрдүн фонду түзүлөт. Камсыздандыруу компаниясы банкрот болсо, ошол кепилдик төлөмдөрдүн фонду төлөп берет. “Бүгүнкү күндө автоунааларды камсыздандыруу боюнча лицензия алган компаниялардын уставдык капиталдары, активдери алардын каржылык жактан туруктуу экендигин көргөзөт. Компаниялардын алды бул рынокто 20 жылдан бери иштеп жатышат. Аларга көзөмөлдү катуу жүргүзөбүз”, - дейт ал.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымды төлөп берүү жолдору татаал. Эгер жол кырсыгы катталса, анын күнөөкөрү бул тууралуу камсыздандыруу компаниясына кабарлашы керек. 10 күн ичинде камсыздандыруу компаниясы чыгымдын баасын эсептеп акт түзөт. Жаран бул баага макул болсо, анда компания 30 күн ичинде ал каражатты төлөп берет. Эгер макул болбосо, ал жаран камсыздандыруу арбитрине кайрылышы керек. Арбитрдин да чечими канааттандырбаса, анда жаран сотко кайрылууга мажбур болот.

Автоунааны камсыздандыруу биринчи жолу 1898-жылдын 1-февралында АКШда башталган. Мартин Трумен аттуу жаран 12 доллар төлөп камсыздандыруу полисин сатып алган. Бүгүнкү күндө автоунааларды камсыздандыруу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштеп келе жатат. Кыргыз Республикасы бул ишке даярбы? Кырсык болгон учурда автоунаа ээсине тийиштүү каражат чын эле төлөнүп берилеби? Камсыздандырууга чогулган акчалар ың-жыңсыз жоголуп кетпейби? Камсыздандырууну ишке ашыруучу жеке ишканаларды өкмөт көзөмөлдөй алабы? Суроолор көп...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан