Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган делегация Санкт-Петербургда иш сапары менен жүрөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков башында турган парламенттик делегация Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, делегация Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Азербайжан парламенттеринин жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.

18-20-май күндөрүндө өтүүчү жыйындарга катыша турган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Кубанычбек Жумалиев ("Бир бол"), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Асел Кодуранова (КСДП), Мээрбек Мискенбаев (КСДП), Таалайгүл Исакунова ("Кыргызстан"), Максат Сабиров (“Республика-Ата Журт”), Нургазы Нишанов (“Республика-Ата Журт”) жана Жыргалбек Саматов бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан