Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин үч тармактык комитетинин төрагаларынын орун басарлары шайланды. Алар:
Махабат Мавлянова ("Республика-Ата Журт" фракциясы) Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына;

Тазабек Икрамов ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы) Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына;

Мирлан Жээнчороев ("Республика-Ата Журт" фракциясы) Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайланды.
