Нарында өспүрүмдү тоноого шектелип жергиликтүү 2 тургун кармалды

Нарында "жатакананын ичинен коркутуу жолу менен өспүрүмдү тоногон" деген шек менен жергиликтүү эки тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга арыз менен Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы жатакананын 46 жаштагы кызматкери кайрылган. Ал 18-майда белгисиз адамдар жатаканада жашаган 17 жаштагы Э.М. аттуу өспүрүмдү коркутуп, анын жеке буюмдарын жана уюлдук телефонун тартып алгандарын билдирген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 18 жаштагы А.И. жана 19 жаштагы О.Ч. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан